Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Филиппинди 3:1 эсеби менен утту

Кыска кабар , Спорт | 16 Янв 2019 | 1067 | 0

Бириккен арап эмираттарындагы футбол боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Филиппин өлкөсүнүн курама командасын 3:1 эсебинде утту. Оюн бүгүн, 16-январда Бишкек убактысы боюнча кечки 19:30 да башталып 21:30да аяктады.

Оюндун жүрүшүндө «Кыргызстандын «Ак шумкар» командасынын чабуулчусу Виталий Люкс 3 гол киргизип, өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөттү.

Оюндун экинчи айлампасынын 21-мүнөтүндө Филиппиндик оюнчулар айып соккудан кийин эсепти 3:1 кылып кетишкен болчу.

Эми Кыргызстан плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Эске салсак, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда. Кыргызстандын футбол командасы биринчи ирет катышуу укугуна ээ болду. Биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген.

Copyright © 2017 Maral FM