Бишкекте өткөн футзал боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште Кыргызстан күмүш жана коло байгенин ээси болду.
15-январда жыйынтыкталган биринчиликке 2004-жылы төрөлгөн футболчулардан түзулгөн Кыргызстан жана Казахстандан 6 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгында казакстандык «Кульсары» командасы биринчи, «Кыргызстан-1» экинчи жана «Кыргызстан-2» үчүнчу орунду ээледи.
Турнирдин жеңүүчүлөрүнө жана мыкты оюнчуларына сыйлыктар тапшырылды.