Биз менен байланышыңыз

Депутат айып пулдар боюнча өкмөттү уяткарды

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 657 | 0

«Өкмөт жаңы мыйзамдары менен уят болуп жатат». Мындай пикирин бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтып чыкты.

«Туура эмес жерге түкүргөн адам 5500 сом төлөйт дедиңер. Аны аныктоо механизми жок. Мына Ак Үйгө түкүргөн баладан эки аптадан бери айып пулун ала албай жатасыңар. Өкмөт уят болуп жатасыңар», — деди депутат.

Ошондой эле жаңы ишке кирген мыйзамдардын аткарылышын парламент көзөмөлгө алуусу керектигин кошумчалады.

Эске салсак, өкмөт туура эмес жерге түкүрүү үчүн салынган 5,5 миң сомду азайтуу маселеси каралып жатканын жарыялаган. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Марал” радиосуна берген маегинде, жаңы күчүнө кирген мыйзам жана кодекстердеги мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды иретке келтирүү боюнча 3 мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлады.

 

Copyright © 2017 Maral FM