Биз менен байланышыңыз

Президент Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындады

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 433 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындады.

Жарлыкка ылайык, Динара Кемелова Түштүк Кореяда атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Орусиядагы, Канайым Бактыгулова – Кытайда, Болот Отунбаев Америка Кошмо Штаттарында элчиси болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Динара Кемелова буга чейин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп иштеп келген.

Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM