Биз менен байланышыңыз

Президент инвесторлорго көрсөтүү үчүн даяр долбоорлор жоктугун сындады

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 688 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу менен инвестициялык чөйрөнү жакшыртууну талкуулады.

Шумкарбек Адилбек уулу өлкөгө инвестицияларды тартуу иштери, Агенттиктин өнүгүү стратегиясы жана жакынкы жылдарга карата пландары тууралуу маалымат берди.

Президент айрым инвестициялык долбоорлор бир нече жыл бою ишке ашпай турганын, инвесторлорго көрсөтүү үчүн даяр долбоорлор жоктугун белгиледи. Ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоону,  укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсү учурунда өлкөнүн жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымат берүү керектигин тапшырды.

Мындан тышкары, жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашырууда талаш-тартыштарды өз убагында аныктоо, алдын алуу иш-чараларын өткөрүү зарылдыгын айтты.

Жээнбеков «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу процесстеринин ачыктыгын жогорулатуу максатында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM