Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Иран: Учак кырсыгы болгон жерден сүрөттөр (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 731 | 0

Бишкектин «Манас» эл аралык аэропортунан учуп чыккан Боинг 707 учагы Ирандын Сафадашт шаарынын аймагына кулап түштү. Бул тууралуу ирандык маалымат булактары жазышты. Алдын ала маалыматтарга караганда пилот учакты башкара албай калган.

Ирандын өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги учактын жүргүнчү ташуучу эмес экенин, бирок ичинде 16 адам болгонун билдирди. Press TVнын маалыматына ылайык, кырсыктан каза тапкан 7 адамдын сөөгү табылган. Учактын бир гана инженери аман калган. Ал ооруканага которулган.

«РИА Новости» учактын кара кутусу табылганын жазып чыкты.

 

Учурда ал кулаган жерди калың түтүн каптап турат. Тез жардам жана куткаруу кызматы кырсык болгон аймакта иш алып барууда.

Агенттиктин айтымына караганда Боинг 707 учагы жүк менен Карадж шаарына бара жаткан. Ичинде 30 тонна эт бар болчу. Учак «Иран эйр тур» аба жолдоруна таандык болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM