Биз менен байланышыңыз

Беларуссияда орусиялык телеберүүлөргө чектөө киргизүү сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 551 | 0

Беларуссиянын оппозициялык маанайдагы «Беларусь элдик фронт» партиясы бийликти өлкөдөгү орусиялык телеканалдардын берүүсүнө чектөө киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу «Эхо Москвы» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, партия мындай кадам менен Беларусиянын көз карандысыздыгын жана мамлекеттик тилин сактап калууга болот деп эсептейт. «Беларусь элдик фронт» партиясы орусиялык берүүлөрдүн ордуна башка өлкөлөрдүн салмактуу программаларынын топтомун көрсөтүүгө мүмкүн экенин эскертет.

Партия бул чакырык мамлекеттик тилдин абалын бекемдей аларына ишенет. Мындан улам «Беларусь элдик фронт» билим берүү системасында беларус тилин колдонууну кеңейтүүнү сунуштады. Оппоцизия муну менен катар өлкөдөгү бардык бизнес мамлекеттик тилге өтүшү зарыл экенин белгиледи.

Айта кетсек, оппозиция Беларусь президенти Александр Лукашенконун «Беларусь эч качан  Орусиянын курамына кирбейт«- деген сөзү негиз болгонун айтып жатат. Мындай кырдаал Москва менен Минскинин ортосундагы мамиленин курчушуна негиз болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM