Биз менен байланышыңыз

15-январда «100 мыкты өнүм» улуттук долбоору башталат

Кыска кабар | 13 Янв 2019 | 1145 | 0

2019-жылдын 15-январында «100 мыкты өнүм» улуттук долбоору башталат. Иш-чара “Замандаш” партиясынын “Келечек 4.0” программасынын алгачкы кадамы болуп саналат. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик өнүмдөрдүн эң мыктыларынын уникалдуу топтому конкурстук негизде түзүлөт. Журнал 5 тилде, электрондук жана китепче түрүндө жазылып, Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көргөзөт жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөш болот.

Белгилей кетсек, «100 мыкты өнүм» улуттук долбоору “Замандаш” партиясы жана “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” ассоциациясы менен биргеликте иштелип чыгып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жана экспортту көтөрүүгө багытталат.

Copyright © 2017 Maral FM