Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын автобусу Казакстанда бузулуп калды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2019 | 494 | 0

12-январ күнү 55 өзбек жаранын ташып бара жаткан автобус Казакстандын Астана — Палодар унаа жолунда бузулуп калды.

Казаксатандык басылмалардын маалыматына караганда автобус Ташкенттен Орусиянын Красноярск шаарына бара жаткан.

Жергиликтүү бийлик менен аймактык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен биргеликте автобустагы жүргүнчүлөргө тиешелүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Аларды тамак-аш, жылуу бөлмө менен камсыз кылышкан.

Өзбек жарандары унаа калыбына келгенге чейин камкордукта болушат. Ал эми унаа оңдоп-түзөө үчүн Павлодар шаарына жеткирилген. Учурда оңдолуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM