Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 14-15-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 592 | 0

Бишкекте 14-15-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков маалымат жыйынында билдирди. Саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештери, Тышкы иштер министрликтери да катышат.

Саммиттин күн тартиби алдын ала такталат. Бирок азырынча белгисиз.

ШКУнун саммитти утурлай февраль айында бул уюмга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештери жана Тышкы иштер министрликтери Кытайдын Пекин шаарында жыйынга чогулушат. Анда коопсуздук маселелери талкууланат.

Данияр Садыков ШКУнун саммитин Кыргызстанда өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, ага даярдык жогорку деңгээлде болорун айтты.

Белгилей кетсек,  ШКУнун саммити былтыр Кытайда өткөн. Өлкө президенттери Кытайдын Циндао шаарында чогулган. 2018-2019-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM