Биз менен байланышыңыз

Жол эрежесин бузгандарга кат жеткирүүгө тендер жарыяланды

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 640 | 0

Ички иштер министирлигинин жол коопсуздугун сактоо башкармалыгы “Акылдуу шаар” долбоорунун негизинде жол эрежесин бузуучулардын эрежени бузгандыгы үчүн түзүлгөн протоколдун көчүрмөсүн басып чыгаруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталы кабарлады.
Негизги талап катары жол эрежесин бузуучуларды кабыл алуу, өздүгү тууралуу маалыматты тактоо, түзүлгөн протоколду басып чыгаруу, авто унаанын ээсинин почта адресин табуу жана катты почта бөлүмүнө жеткирип берүү болуп саналат.
Тендерди жеңүүчү компания каттардын мыйзамдуу түрдө жеткирүүлүүсүнө жана түзүлгөн протоколдордун санына карабастан кызмат көрсөтүүсү керек.
Каттарды жеткирүү үчүн 105 млн. 102 миң сом бөлүнүп, 13 млн. 750 миң түзүлгөн протоколдор кат аркылуу жеткирилүүсү пландалууда.
Эскерте кетсек, “Акылдуу шаар” долбоорунун негизинде Бишкек шаарында орнотулган камералар 12- февралдан кечикпестен ишке кирүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM