Биз менен байланышыңыз

Токтоналиев көчөсүндөгү темир капкактарды уурдагандар изделүүдө

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 1386 | 0

Бишкек шаарынын Токтоналиев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үстү ачык турган люктар боюнча “Марал” радиосунун кабарчысы маселе көтөрүп, социалдык тармакка сүрөттөрүн жарыялаган. Бул маселеге Бишкек шаарынын мэриясы реакция кылды.

Мэриянын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Медер Бейшеналиев билдиргендей, жолдогу ачык турган люктардын капкагын жабуу, жана арыктарды жаба турган жаан кабыл алуучу (ливнеприемные решетки) темир капкактарды кайра орнотуу боюнча аткаруучу компанияга тапшырма берилди.

Бейшеналиевдин айтымында, бул көчөлөрдө жаан кабыл алуучу темир капкактар уурдалып кеткен. Учурда бул кенен жайылган көйгөйгө айланып, былтыр эле 400дөй темир капкак уурдалган. Аларды бүгүнкү күндө милиция бул ишке баргандарды издеп жатат.

Айта кетсек, борбордогу Токтоналиев менен Жаманбаев көчөлөрү 2018-жылы күзүндө оңдолду. Анда тротуар салынып, ирригациялык система оңдолуп, жол белгилери жана Жаманбаев менен кесилишкен жерге жол чырагы орнотулган.

Бирок арыктын үстүн жапкан темир капкактардын басымдуу бөлүгү учурда ачык турганы жашоочулардын нааразылыгын жаратып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM