Биз менен байланышыңыз

Былтыр өкмөткө 9 миңге жакын кайрылуу түшкөн

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 596 | 0

2018-жылы өкмөттүн аппаратына жарандардан 5 986 кат түрүндө жана 2 989 оозеки кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, каттардын ичинде президенттин аппаратынан – 531, Жогорку Кеңештен – 763, премьер-министрдин коомдук кабылдамасынан – 1 299, электрондук кайрылуулар – 1 341, КМШга мүчө мамлекеттерден жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 65 кайрылуу келген.

Премьер-министрдин коомдук кабылдамасы 274 жаранды жеке маселеси боюнча кабыл алган. 2017-жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны 794кө көбөйгөн.

Белгилей кетсек, кайрылуулар, арыздар жана сунуштардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан, андан соң Чүй  облусунан жана Жалал-Абад облусунан түшкөн.

Кайрылуучулардын негизги бөлүгү – пенсия курагындагы улгайган адамдар жана башка социалдык жактан корголбогон жарандар болуп саналат. Турак-жай маселеси, социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуулар басымдуулук кылат.

Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча министрлик жана мекемелерде кат ээлери тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү иликтеп чыгуу жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM