Connect with us

КСДПнын эсепчиси Атамбаевдин сунушу менен өлкөдөн чыгып кеткен

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 1014 | 0

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын 2017-жылы өткөн шайлоодогу штабынынын башкы эсепчиси Надира Сатыгул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу аталган партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Марал” радиосуна билдирди.

Жолдубаева жаңы жылда Индияга барып, партиянын мурдагы эсепчиси менен жолукканын айтты. Анын белгилешинче, УКМК мурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду кармап келгенден кийин Сатыгулга да шектүү телефон чалуулар болгон. Ошондон улам Алмазбек Атамбаев анын өлкөдөн чыгып кетүүсүн сунуш кылган.

-Ал шайлоо штабындагы бардык документтерди Атамбаевге тапшырып, андан соң Индияга кеткен. Ал өзүнүн коопсуздугуна шек келбей турган шарт түзүлгөндө гана Кыргызстанга келерин айтты,-дейт Жолдубаева.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалга берген маегинде партиянын эсепчиси Надира Сатыгулду шектүү адамдар аңдып жүргөнүн, ошол себептүү өлкөдөн чыгып кеткенин айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM