Биз менен байланышыңыз

Жаӊы кодекстер элге кандай таасир калтырат?

Коом | 9 Янв 2019 | 598 | 0

Кыргызстанда 1-январдан тартып беш кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирди. Алардын ичинен жоруктар тууралуу жаӊы мыйзамды бузгандар аныкталып, административдик жоопко тартылгандар бар.

Азыркы тапта бул өзгөрүүлөр коомчулук арасында талкууга алынып, Ысык-Көлдөгү айрым жашоочуларын нааразы кылууда. Алардын пикиринин негизги себеби айып пулдун  жогору болгондугу.

Жакында дем алган абага да төлөй баштайбызбы, мындай кымбатчылык болбойт да. Андан көрө жогорку бийликтегилер завод, фабрикаларды ишке киргизип, жумуш менен камсыздабайбы. Мисалы Каракол шаарында эӊ жакшы айлык 8 миӊ сом. Анан кичинекей иш үчүн көп айып пулду кантип төлөмөк элек.

-Айып пулдун өлчөмү абдан жогору. Мисалы Москвада тамеки тарткан адамдарга 500 сом айып салынат. Бизде жок дегенде 500- 1000 миӊ сом болсо жакшы болмок. Ошондой эле Японияда чылым чеккен ар бир киши үчүн атайын жай жасап коюшкан. Ал үчүн бизге да ушундай шарт түзүлүшү керек.

Бирок, 1-январдан тарта кылмыш жаза боюнча, жоруктар жана бузуулар жөнүндө кодекстин күчүнө кирүүсүн башка тургундар кубатташат. Ага мисал катары туризмдин очогу болгон облустун район, шаарлары, коомдук жайлары тартипке келип, мурдагыдай кемчиликтер байкалбай калды. Негизгиси айып пулга сынбай адам өзүн маданияттуу алып жүрсө эч кандай маселе жаралбайт, -дешет алар.

Ар бир айдоочу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо керек. Мисалы мен эреже бузгандарга жаӊы чараларды туура деп эсептейм.

-Менимче ар бир жаран коомчулукка айып пулга жеткендей мамиле жасабаса баары жайында болмок. Таштанды ыргытпоо, түкүпбөө адам аӊ сезимин ойготуусу зарыл.

 -Тазалыкты сактоо өзүбүзгө эле жакшы да. Канчалаган оорунун алдын алат айып пул салуунун өзү туура. Жылдын башынан бери коомубузда өзгөрүү болгонун байкап жатабыз. Караколдун айлана чөйрөсү таза болуп калды, бара бара ушинтип оӊолобуз да.

Мындан улам, Конституциядагы мурдагы мыйзамдар менен азыр күчүнө кирген өзгөрүүлөрдүн айырмачылыгы боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери кайрадан жүрүп жатат. Бул боюнча милиция кызматкерлери, укук коргоо органдары маалымат берүү иш чарасын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн баштады, дейт ОИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Бул мыйзамдын кандай жакшы жактары бар экенин коомчулукка түшүндүрүү боюнча атайын графиктер түзүлдү. Бүгүн жергиликтүү бийликтегилерге айтылса, эртеӊки күнү айыл кыштактарга маалымат берүүбүз зарыл.

Айта кетсек, мурда жорук-жосун үчүн адам эркинен ажыратуу менен жоопко тартылса, эми жаӊы өзгөргөн мыйзамдары бузган жарандар айып пул төлөп, коомдук иштерге тартылат. Бул тууралуу облустук прокуратуранын башчысынын орун басары Канат Насипов эскертти.

-Мурда бир эле кылмыш жаза кодексинде каралган кылмышта боюнча  жоопкерчиликтер белгиленген болчу. Ал эми азыр коомго коркунучтуу болбогон жеӊил кылмыштар өзүнчө бөлүм менен жоруктар деп аталып, жоруктар кодекси киргизилди. Негизги айырмачылыктары эркининен ажыратуу жаза чаралары каралган эмес. Анда айып төлөө, коомдук жумуштарга тартылат.

Эске сала кетсек, сот жорук-жосун үчүн айыпталуучуну айып пулга жыкса, эң ири көлөмдөгү алынуучу каражат 60 миң сом болот. Ал эми коомдук иштердин эң узак мөөнөтү 60 саатка созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM