Биз менен байланышыңыз

Насвай чеккен кыздар көбөйдү

Ден соолук | 9 Янв 2019 | 0

Мекени Борбор Азия катары саналган насвайдын курамы ар кандай айтылып келет. Жасап саткандар эл арасында айтылып жүргөн акиташ, тооктун заңы кошуларын четке кагышса, дарыгерлер курамындагы заттардын баары оозго алынбай турган нерселер экенин эскертишет.

Колго жасалган насвайды дүкөндөрдөн, базарлардын бир бурчунан оңой эле табууга болот. Өзүнчө бир катарга тизилип, түрү менен саткан сатуучуларга кызыккан суроолорду берүүгө аракет кылдык. Тилекке каршы, айрымдар интервью берүүдөн баш тартышты. Бирок кантип жасала турганын өзүнүн ыкмасы боюнча айтып берди. Маселен, бизге интервью берүүдөн баш тарткан сатуучу көп жылдан бери бул багытта иштейт. Анын айтымында, насвайга акиташ кошулганы чын. Бирок 6-7 килограммдык насвайга бир чымчым гана кошулат экен. Анын айтымында, жасалган насвайлар көпкө чыдабайт, 15 күн гана турат. Ал эми башка сатуучу насвайга акиташ кошулат дегенди четке кагат. Ал өзү саткан насвайларга тамеки, үлкөн чөбүнүн тамырынын ширесин кошуп жасайт.

Тооктун заңы кошулат деген туура эмес. Тамеки, күл жана үлкөн чөбүнүн тамыры кошулат. Аралаштырып, атайын аппараттан өткөрүлөт. Эл айткан акиташ менен тооктун заңы кошулушу мүмкүн эмес. Кошсо адам өлүп калбайбы.

Дарыгерлердин айтымында, акыркы учурда насвайга болгон көз карандуулук өскөн. Айрымдар тамеки таштоонун ордуна насвайга өтүшөт. Анын үстүнө баасы болгону 2 сомдон башаталат. Атын атагысы келбеген замандашыбыз 50 жашта. 30 жылдан бери насвай тартат. Зыянын билип турса да таштоого моюн бербейт.

30 жылдан бери насвай тартам. Мунсуз жашоо токтоп калчуудай сезилет. Зыянын билесиң, бирок айла жок, таштай албай жатам. Мен 20 сомдук алсам бир жумага жетет.

Насвайдын курамында зыяндуу заттар бар экенин коңшу өлкөлөрдүн медицинасы да так аныктаган. Айрыкча ооз-көңдөй рак ооруларына алып келет. Медицина илиминин доктору Мукаш Бейшенбаевдин айтымында, онкологиялык ооруларга кабылгандардын көпчүлүгү насвайдын кесепетинен.

Негизи чыныгы насвайга тамеки, акиташ, тооктун заңын кошушат. Акыркы учурда жабышкак, жакшы көрүнсүн деп клей да кошуп калышкан. Бул кошулмалардын баары оозго алгыс нерселер. Албетте, анан ооруну пайда кылат. Эң биринчи кезекте ооз-көңдөй ооруларын. Азырынча изилдөөлөр жүрүп жатат. Бирок рак оорусуна кабылгандардын көпчүлүгү ушул себептен.

Казакстанда 2011-жылы насвай психотроптук заттардын арасына кошулуп, наркотикалык зат аталган. Ал эми Орусия 2016-жылы изилдөө жүргүзгөндө бир канча зыяндуу заттарды тапкан. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова буларга токтолду.

2016-жылы атайын изилдөө жүргөн. Ага ылайык, насвайдын текшерилген үлгүлөрүндө 5 потагендүү микро организм табылган. Жасалган идиштери да лаборатория барбай туруп эле белгилүү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча акыркы 10 жылдын ичинде мектеп окуучулары арасында насвай чеккендер Эселеп көбөйгөн. Эркек балдардын арасында 2,5 эсе, кыздар арасында 3 эсеге өскөнү байкалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM