Биз менен байланышыңыз

Бизнес-акыйкатчы ишкер менен бийликке көпүрө болот

Экономика | 9 Янв 2019 | 995 | 0

Кыргызстанда Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Институт ишкерлердин укугун жана кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алат. Ошону менен бирге кепилдигин камсыздайт.  Акыйкатчылыктын өз катчылыгы болот, ал ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду.

Институттун ишмердүүлүгү ишкерлердин укугун жана кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алуунун кепилдигин камсыздайт.

Аталган институттун өз катчылыгы болот, ал ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Бизнес-омбудсмен жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт жана аларга отчёт бербейт. Бул институт ишкерлерге юридикалык жактан жардам берүү менен катар көзөмөл мекемелеринин жана ишкерлердин ортосунда көпүрө болууну ниет кылууда.

Бизнес акыйкатчылык кызматка жетекчи беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт. Бул кызмат ордун каалаган жаран жана чет элдик адам да ээлей алат.

Экономика министрлигинин алдындагы ишкерликти жөнгө салуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Айкөл Баетов бизнес-акыйкатчысын каржылоо эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырыларын билдирди.

Бизнес-акыйкатчы жөнүндө Өкмөттүн токтому 2018-жылдын 31-декабрында кабыл алынган. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Документ 16-январдан баштап юридикалык күчкө ээ болот. Институтту түзүүгө Европа Өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоо болот. Бизнес-акыйкатчынын курамына өкмөт тарабынан Экономика министрлиги кирет. Андан тышкары бизнес-ассоциацияларынын өклдөрү да кошулат. Ушул үч жактан байкоочу кеңеши түзүлүп, алар жетеки менен орун басарларын дайындашат.

Байкоочу кеңеши Өкмөттүн, эл аралык өнүктүрүү уюмдарынын жана бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрүнөн түзүлмөкчү.

Жеке ишкер Адисбек Шекенов ачык айтылбаганы менен ишкерлердин укуктары көп бузуларын айтат.

-Буга чейин ишкерлердин көйгөйлөрү жана укуктары менен алектенген бир дагы орган болгон эмес. Эми өкмөт ишкерлер менен өкмөт түзгөнү жатат. Бул эл аралык тажрыйбага туура келет. Бул ишкерлердин көйгөйлөрүн чечип бере турган аянча болуп калса жакшы болот эле.

Бүгүнкү күндө каттоодон өткөн 400 миңден ашык ишкер бар. Активдүү иштеген ассоциациялар жыйырмага жакын. Бул биримдик 10 миңге чукул эле ишкердге жардам берип, укугун коргойт. Бирок ассоциациялар ишкерге толук кандуу жардам бере албашын ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов билдирди. Ошондуктан бизнес-акыйкатчы институтуна муктаждык жогору.

-Институт көз карандысыз болуп түзүлүүдө. Ал жеке ишкана, ишкерлерден келген кайрылууларга көңүл буруп, жооп берет. Мисалы, ишкер менен мамлекеттик органдын ортосунда түшүнбөстүк болсо же мыйзамсыз тершерүү жүрсө жана башка иш-чаралар болсо, ишкер кайрылса болот. Жаңы түзүлгөн мекемеде юрист, салык жаатындагы кызматкер жана башка маселелер боюнча адисттер болот. Алар ишкердин маселесин изилдеп, тиешелүү органга кайрылуу жасай алат. Ошол эле учурда мамлекеттик органдардын жетекчилерине түз кирип, чыгууга мүмкүнчүлүгү болот. Биз колдоп жатканыбыздын себеби аймактарда ишкерлердин укугун коргоогон  адам жок. Аларды көрүп жаткан кыйынчылыктар тууралуу бизде маалыматтар бар. Тилекке каршы, аларга көңүл бурган эч ким жок. Бул учурда акыйкатчынын жумушу абдан маанилүү.

Деген менен, өлкөдө ишкерлердин укуктарын коргоогон бир топ мыйзамдар кабыл алынган. Андан тышкары укук коргоо органдары жана Экономика министрлигинин алдында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик бар. Ошол себептүү жаңы киргизилип жаткан Бизнес-акыйкатчы институтуна муктаждык жок дегендер да кездешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов бизнес-акыйкатчынын кереги жок деп эсептейт.

-Себеби бизде бизнеске болгон бардык мыйзамдар жана шарттар бар. Тиешелүү мыйзамдар иштеши керек жана аны көзөмөлдөө зарыл. Ишкерлерди текшерүүлөр менен кыйнабайлы. Мыйзамдарды эле иштетсек, ишкерлерге жакшы шарт түзүлмөк. Эми институт кандай иштей турганын билбеймин. Менин оюмча, кайра эле бизнес-акыйкатчы менен бийликтин ортосунда ортомчулар пайда болот. Кайра эле коррупция орун алат.

Ушул күндөрү бизнес-акыйкатчы кызматына келе турган адамдардын да ысымдары аталууда. Алардын арасында“Кыргызконцепттин” жетекчиси, экономика маселелери боюнча серепчи Эмил Үмөталиев да бар. Анын баамында, азыркы экономиканын шартында бизнес-акыйкатчысы керек болуп турат. Анын башына маселени түп-тамырынан билген адам жетекчи болуп келүүсү зарыл.

-Бизнес-акыйкатчы көз карандысыз болот деген теория жүзүндөгү үмүт.  Бирок иш жүзүндө сын көз караш менен кароо керек. Күмөн санап туралы. Башкарууга элдин ишенимине ээ болгон, үмүтүн актаган, маселелерди чечкенге күчү жеткен адам келсин.

Белгилей кетсек, Бизнес-акыйкатчы институту АКШда жана Кореяда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Кошуна Казакстан 2005-жылы бул институтту ишке киргизгени маалым.

Copyright © 2017 Maral FM