Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кытайлардын канча ишканасы бар?

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 1068 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттө өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда жүргөн Кытай жарандары боюнча маалымат берди.

Анын айтуусунда, Кытайдан Кыргызстанга 2,1 млрд доллар көлөмүндө насыя жана гранттык каражат берилген. Кыргызстанда азыктарды кайра иштетүүчү 397 кытай мекемеси жана 187 биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары иштейт.

2018-жылы Кыргызстандагы кытай жарандарынын саны 35 миң 215ти түзгөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу төмөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, былтыркы жылы Кыргызстанда 24 миң 836 кытайлык катталган. 2010 – 2018-жылга чейин 286 кытайлык Кыргызстандын жарандыгын алган.

Ошондой эле, төрт жыл аралыгында 6 миң 717 кытайлык жаран Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган. Аларга  67 млн. 170 миң сом айып пул салынган. 2014-2018-жылдар аралыгында Кытайдын 139 жараны өлкөдөн чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM