Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга барат

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 525 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга барат. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди. Ал бул өлкөгө эс алуу максатында гана барат.

Айта кетсек, интернетте Атамбаевдин Индияга иш сапары менен бара турганы талкуу жараткан. КСДП бул сапардан саясат издөөдөн алыс болууга чакырууда.

«Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып, партиянын иштеринен сырткары эс алат. Ал мамлекеттик кызматкер эмес. Ар кандай сапарларга чыгууга укуктуу. Мындан саясат жасабагыла«, — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев 21-январда кайра Кыргызстанга кайтып келмекчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM