10-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Баптыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Нарында түнкүсүн -22…-27, күндүз -13…-18;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4.