Connect with us

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыяланат

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 3250 | 1

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Тиешелүү жарлыкка ушул жумада кол коюлат.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат.

Кийинки жылдары өлкө аймактарында да жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине дем берүү керек.

«Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деди президент.

«Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөт. Электрондоштуруу бардык тармактарга тиешелүү, анын ичинде пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо да электрондук форматка которулат.

Санариптик инфраструктура жеке адамдын жана ишкерлердин мамлекеттик же жергиликтүү чиновник менен түз контактта болуусун кескин азайтат. Бул коррупцияны жоюунун негизги куралы.

«Аймак сыймыктары» кимдерге ыйгарылды? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM