Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев бүгүн абакка которулат

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 857 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 9-январда ооруканадан абакка которулат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарова «Маралга» билдирди. Текебаевдин дарылануу мөөнөтү аяктады.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов “Марал” радиосуна берген маегинде, Өмүрбек Текебаев абакка которулууга даяр экенин айткан. Бирок дарыгерлер ага туруктуу көзөмөл керек экендигин айтышкан.

Искен Афиджанов кошумчалагандай, 2019-жылдын 20-мартында Өмүрбек Текебаевдин жатак абакка которулуусуна уруксат берилген. Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тарабынан бул туура эмес эсептелип калганы, ал 2020-жылы гана которулушу керек экендиги тууралуу сөздөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 13-декабрында Текебаевге стенокардия, аритмия, гипертония ооруларынын диагнозу коюлуп, абактан Улуттук кардиология борборуна которулган.

2017-жылы жазда Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM