Биз менен байланышыңыз

Муфтий ажылыкты жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 492 | 0

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 2019-жылдагы ажылык боюнча жыйын өткөрүп, быйылкы ажылыкты жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды.

Мындан тышкары, облустук жана шаардык казыяттардын, райондук хатибияттардын ишин оптималдаштыруу, имамдардын отчетторун жакшыртуу жана алардын квалификацияларын жогорулатуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу маселелери талкууланды.

«Биз ар бир күнү өзүбүзгө отчет берип, коомубуздун ыймандуулугу, адеп-ахлагы жана мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн жан үрөп иштешибиз зарыл. 2019-жылга карата багыттуу иш пландарды түзүп, анын ишке ашышына бар күчүбүздү жумшайлы»,-деди муфтий.

Ошондой эле жыйында билим берүү, үгүт-насаат, фатва, ажылык, иш башкармалык бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилди.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 9-январда ажылыкка баруучуларды каттоо башталат. Быйыл ажыга баруучулар бир гана биометрикалык паспорттун негизинде катталышат. Каттоо 31-январга чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM