Биз менен байланышыңыз

«Кум-Бел» көмүр кениндеги жагдай боюнча комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 738 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Кум-Бел» көмүр кениндеги  жагдай байланыштуу ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Комиссиянын курамына Транспорт жана жолдор министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы, Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.

Учурда тийиштүү жактар «Кум-Бел» көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында көмүр кендин мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча сунуштар киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM