Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Бизнес акыйкатчы институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 517 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес акыйкатчы институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бизнес-омбудсмендин ишмердүүлүгү ишкерлердин укугун жана кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алуунун кепилдигин камсыздайт жана алардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана кызматтык жактар тарабынан сакталышына багытталган.

Бизнес акыйкатчы институтунун өз катчылыгы болот, ал ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Бизнес-омбудсмен жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт жана аларга отчеттуу эмес.

Бизнес акыйкатчы кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Бизнес-омбудсменди ишмердигин каржылоо өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM