Биз менен байланышыңыз

Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 458 | 0

8-январдан 10-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлгөндүктөн, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.

9-январда айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Абаны температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +4…+6.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM