Connect with us

УКМК: ЖЭБди реконструкциялоодо 111 млн доллар зыян келтирилген

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 1052 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодогу коррупциялык аракеттер боюнча иликтөөсү аягына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөөдө Сапар Исаков баштаган бир катар кызматкерлердин кызмат абалынан пайдаланганы, анын кесепетинен мамлекетке 111 млн 252 миң 797 доллардык чыгым келтирилгени аныкталган.

2010-жылдын февраль айында Инновацияны жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) байланыш бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн жыйында Дүйнөлүк банк Бишкек ЖЭБин 150 млн долларга реконструкциялоону сунуштаган. “ТВЕА” компаниясы 200 млн долларга жасай турганын айткан. Жыйындын жүрүшүндө баасы кымбат болгону жана техникалык мүчүлүштүктөрү байкалганы себептүү ТВЕАдин сунушун Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деп чечишкен.

2013-жылы Сапар Исаков Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарып турган учурда бул долбоорду ишке ашырууну өз жоопкерчилигине алган. Жылуулук борборун 386 млн долларга реконструкциялоого башкы аткаруучу компания катары ТВЕАди тандап алганы маалыматта айтылат.

УКМКнын белгилешинче, Исаков ошол кезде кытайлык компания мындай долбоорду ишке ашырууга тажырыйбасы жок экенине маани берген эмес. Ошондой эле эч кандай техникалык-экономикалык негиздеме жана долбоордук-сметалык документ түзүлбөгөнү анык болду.

Жогоруда көрсөтүлгөн каражат Кытайдын ЭКСИМ банкынан 2 пайыздык төлөм менен 20 жылга кредитке алынган. 2014-жылдан баштап азыркыга чейин анын 22 млн 814 миң 328 АКШ доллары гана төлөнгөн.

Учурда айыпталуучулар жана алардын жактоочулары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатканы, андан кийин Башкы прокуратурага жөнөтүлөрү маалымдалды.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупцияга жол берилгени айтылып, бир канча кылмыш иши козголгон. Ага мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалидев, Сапар Исаков башатаган бир топ жетекчилер камакка алынган. Камактагылар муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Copyright © 2017 Maral FM