Биз менен байланышыңыз

«Жоруктар» кодексинин артыгы жана кемтиги

Коом | 8 Янв 2019 | 2278 | 0

Кыргызстанда 1-январдан тартып беш кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирди. Алардын бири Жоруктар тууралуу кодекс жаңы мыйзамдардын катарын толуктады.

Парламент тарабынан 2017-жылы кабыл алынган Жоруктар жөнүндө кодексинде «жорукка» төмөндөгүдөй түшүндүрмө берилген. «Жорук субъектиси инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирген же зыян келтирүү коркунучун жараткан, ушул Кодексте жаза чарасы каралган күнөөлүү, укукка каршы жосун (аракет же аракетсиздик) жорук деп таанылат». Ал эми жорук субъектиси болуп укук бузууну жасаганга чейин 16 жашка чыккан, акыл-эси соо адам саналат.

Жоруктар жөнүндөгү кодексте чоң коркунуч келтирбеген жосундар жана кээ бир административдик укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралат. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук, майда уурулук, ден соолукка жеңил жаракат келтирүү, айлык акы төлөөдөн баш тартуу, башка бирөөнүн ордуна добуш берүү. Мына ушундай аракеттер үчүн кыргызстандыктар жазага тартыла баштайт.

Ички иштер министрлигинин Жоруктар жөнүндө башкармалыктын жетекчиси, полковник Бегалы Пирмановдун айтымында, ушул убакка чейин “кылмыш” деген гана түшүнүк болсо, эми “жоруктар” деген институт пайда болууда. Буга чейин кичине-чоңуна карабай баарын кылмыш деп эсептелип келген. Эми укук коргоо органдарында жоруктарга байланышкан иштерди өзүнчө караган тергөө кызматтары болот.

-Ички иштер министрлигинде жоруктар боюнча иш алып барган атайын башкармалык түзүлдү. Биздин облустук, райондук ички иштер органдарыбызда да жоруктар боюнча сотко чейин иш алып барган тергөөчүлөр болот. Жорук менен кылмыштын айырмасы келтирилген зыянында ажыратууга болот. Мурдагыдай коомго анчалык зыян келтирбеген же болбосо орчундуу зыян келтирбеген жорук болуп эсептелет.

Мыйзамды иштеп чыккандар жорук-жосун үчүн адамды эркинен ажыратуу туура эмес деп эсептешет. Мисалы, өспүрүмдөр баасы 5 миң сомдук буюмду уурдап алса, 3-4 жылга эркинен ажыратылчу. Эми мындай жорук үчүн айыппул же коомдук иш менен жазалоо каралган.

Айыпталуучу менен жабыркаган жаран мурдагыдай эле адвокаттын кызматын пайдалана алат. Соттун отуруму алдында окуяны иликтөөгө 20 күн берилип, бул мезгилде эки тарап тең күнөөсүз экенин далилдөөгө аракет жасайт.

Өкүмдү сот чыгарганы менен айыпталуучу эркинен ажыратылбай турганын Бегалы Пирманов кошумчалады.

-Жазанын башка түрлөрү бар. Айыпталуучуга жаза катары коомдук ишке тартуу, эркиндикти чектөө, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу,  түзөтүү жумуштарына тартуу, айыппулга жыгуу, аскер кызматчыларына карата камак каралган.

Ушул жылдан тартып жорук-жосундар боюнча суракка алган кызматкер иш алып барат. Тергөөчүлөр олуттуу кылмыштардын бетин ачуу менен алектенсе, суракка алгандар же аймактык милиционерлер жорук-жосундар жаатында иштейт. Анын жүрүшүнө прокуратура көз салмакчы.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиев бул кодекс эл үчүн жаңылык болуп жаткандыктан, жыйынтыгы убакыттын өтүшү менен билинерин айтты.

-Жоруктар тууралуу кодекстин так иштөөсүнө коркунучтар сөзсүз болот. Иштерди ким тергейт? Сотпу, милициябы же прокурор болобу,тергегенде жеке адамдын кызыкчылыгы ишке ашуусу мүмкүн. Бул — турган эле иш. Ошол үчүн чечимди кабыл алган адамда жоопкерчилик болушу керек. Кийин чечим туура эмес деп табылса, ага жооп бере турган болуусу зарыл. Андай коркунучтар — күтүлгөн нерсе.  Кодексте көптөгөн өзгөртүүлөр бар. Жогорку Кеңеште депутаттар кабыл алган. Ал тууралуу менин деле толук маалыматым жок да. Аны сотто, прокуратурада иштеген кызматкерлер деле билишпейт.

Азыр коомчулукта бир нече кодекстерге жана мыйзамдарга кирген чоң өзгөрүүлөр талкууга алынууда. Анткени кодекстер менен мыйзамдар кабыл алынганга чейин коомчулукта кеңири талкууланбаганын Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди. Ал Жоруктар тууралуу кодексте каралган чараларды колдогону менен аны менен кызматкерлердин иштөөгө жана коомчулуктан аң сезими даяр эмес деп эсептейт.

-Жоруктар тууралуу кодекстин кабыл алынышы туура эле нерсе. Анткени көп өнүккөн өлкөлөрдө кабыл алынып, натыйжалуу иштеп жатат. Казакстанда 2014-жылдан баштап иштөөдө. Ал эми Украинада 2012-жылдан баштап кирген. Бирок Кыргызстанда жалпы күчүнө кирген кодекстер чукул убакытта кабыл алынып калды. Ал талкууланышы керек эле. Ошону үчүн чийки жерлери көп. Депутаттар да мыйзамды кабыл алууда көп деле талкуу кылган жок. Ошондуктан азыр абдан көп суроолорду жаратып жатат.

Деген менен, Жоруктар кодекси ишке кирүүсү менен коркунучтар пайда болорунан кооптонгондор бар. Укук коргоочу Токтайым Уметалиева эми уурулук күч алат деген пикирде.

-Бизде мал жандыктарды уурдоо көбөйөт. Уурдалган малдарды сата башташат. Мыйзамда малды уурдоо түшүнүгү жок болуп калды. 70 миң сомдук жылкыны уурдаса, аны төмөн баада көрсөтүп, айыппул менен кутулуп башташат. Бул аракет жорук катары эле калып кетет. Экинчиден, Кыргызстан адамдын органдарын сатуунун борбору болуп калат. Себеби бирөөнүн бир жерин кесип алса, кокустуктан деп коёт. Буга жаза кодекси боюнча эч ким жооп бербейт. Жорук болуп белгиленип калат.

Эгерде сот жорук-жосун үчүн айыпталуучуну айып пулга жыкса, эң ири көлөмдөгү алынуучу каражат 60 миң сом болот. Коомдук иштердин эң узагы 60 саатка созулат.

Айтке кетсек, Жоруктар жөнүндө кодекс АКШда кеңири колдонулат. Ал эми Европа мамлекеттеринде Кылмыш кодекси гана иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM