Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу: Кыргызстан Кытайга жеңилип калды

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 600 | 0

Азия Кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстан алгачкы беттеште Кытай курамасына жеңилип калды. Кошуна мамлекеттин оюнчулары ак шумкарларды 2:1 эсеби менен жеңди.

42-мүнөттө Ахлидин Исраилов стандарттык аянттын сыртынан тебилген таамай соккусу менен эсеп санын ачкан. Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 эсеби менен аяктаган болчу. 50-мүнөттө кытайлыктар бурчтан чыгарып берген топту Павел Матяш кокустан өз дарбазасына киргизип алды. Аны улай эле 78-мүнөттө Кытай курамасы 2-голун киргизди. Башкы калыстын 90 мүнөттөн сырткары кошуп берген 5 мүнөтү эсепти өзгөрткөнгө себеп боло алган жок.

Бул беттештин жыйынтыгында Кытай 3 упайга ээ болуп, тайпада 1-орунга көтөрүлдү. Ал эми Түштүк Корея менен Филиппин 7-январда Бишкек убактысы боюнча 19:30да беттешмекчи.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Азия кубогуна алгачкы ирээт катышууда. Ак шумкарлар С тайпасына туш келип, анда Кытайдан башка Филиппин жана Түштүк Корея менен кез келмекчи. Бул кубокко жалпы 24 өлкө катышып, 6 тайпага бөлүнүп, биринчилик үчүн ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM