Биз менен байланышыңыз

8-январда абанын табы жогорулайт

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 646 | 0

8-январда бир топ аймакта кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын аймактарында шамалдын багыты 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12;

Бишкекте 8-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM