Биз менен байланышыңыз

Карагандыда кылмышкерлер табыла элек

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 644 | 0

Казакстандын Караганда шаарындагы ресторандардын биринде жаңы жыл тосуп жаткан эки тайпанын ортосунда чыр чыгып, төрт киши бычакталса, бирөө мерт кеткен. Кылмышкер окуя болгон жерден из жашырган. Бул боюнча  милиция «Адам өмүрүнүнө кол салуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бирок иликтөө ишине нааразы болгон жүзгө чукул адам прокуратуранын алдында митинг уюштуруп, коомдук коопсуздук көзөмөлүнүн начардыгына нааразы болушуп, ушунчалык зыянга алып келген чырды учурунда басып койчу коомдук тартип кызматкерлери жок болгонун айтышууда.

Ошондой эле алар тиешелүү кызматтын кылмышка шектүүнү алигүнчө таап, ачыкка чыгарбаганына нааразы.

Шаар прокуратурасы болсо жакынкы күндөрү бул иш ачыкталарын билдирүүдө.

Окуяда бычакталган төрт киши ооруканада дарыланууда. Күбөлөрдүн айтымында шаарда атайын кызматтын унаалары жана кызматкерлери  активдүү издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM