Биз менен байланышыңыз

15 мас айдоочуга 262 500 сом айыппул салынды

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 881 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 4-январына чейин өлкө боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мас абалында машине айдаган 15 жаранды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сом болду.

Айта кетсек, жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 1-январда биринчи жолу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, 17 500 сом айыпка жыгылган.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандарга 300 сом, мас айдоочуларга 10 миң сом айып салынып келген.

Эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM