Биз менен байланышыңыз

Тоңдо райондун өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

Кыска кабар | 3 Янв 2019 | 452 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң райондук мамлекеттик администрациясы 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, райондун өнүгүшүнө салым кошкон 52 инсанга сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди.

Маалыматка ылайык,  иш-чарага администрациянын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Анын жүрүшүндө 5 инсанга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылып, райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон 52 инсанга сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышкан 2 адамга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн ардак грамотасы ыйгарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM