Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө жаңы жыл түнү 292 ымыркай төрөлдү

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 841 | 0

Жаңы жыл түнү республика боюнча – 292 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Алардын 141 – эркек, 150 – кыз. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ага ылайык, түнкү саат 00:00дө Кара-Буурадагы төрөт үйүндө салмагы 4,2 кг болгон эркек бала жарык дүйнөгө келсе, Кочкор жана Ак Талаада салмагы 2,995 кг болгон кыздар төрөлгөн.

Бишкек шаары боюнча жалпы 66 төрөт катталган. Алардын 28 – эркек, 36- кыз. Алгачкы төрөт шаардагы №2 төрөт үйүндө катталган — саат 00:05те салмагы 2,75  кг болгон эркек бала жарык дүйнөгө келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM