Биз менен байланышыңыз

Магнитогорск: Үйдүн урандыларынын алдынан 7 адамдын сөөгү табылды

Дүйнө | 1 Янв 2019 | 461 | 0

Магнитогорск шаарындагы газ жарылган үйдүн урандыларынын алдынан жети адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, буга чейин беш кишинин сөөгү табылганы айтылган. Табылган жети сөөктүн бешин жакындары тааныды. Дагы беш адам ооруканада, алардын бири оор абалда.

Айта кетсек, Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү көп кабаттуу үйдүн подъезди урап калган. Уранды алдында 40тай адам болушу мүмкүн экени болжолдонуп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдөн газ жарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM