Биз менен байланышыңыз

Борбордук аянттан 4 тонна таштанды чыгарылды

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 779 | 1

Жаңы жылдык майрамдан кийин Бишкек шаарындагы борбордук аянттан 26 кубометр, тагыраагы 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таштандыны «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери 1-январь күнү саат бирден таңкы саат бешке чейин тазалашкан. «Ала-Тоо» аянтын тазалоого жалпысынан 60 адам жана 7 даана атайын техника тартылган.

Белгилей кетсек, майрамга карата «Ала-Тоо» аянтынын бардык тарабында таштанды челектери орнотулуп, кошумда дагы 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер коюлган болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Зарипа

    01.01.2019 12:34

    Элди, жаштарды тазалыкка чакыруу учун башка чара колдонсо жакшы болмок. Таштагандарга штраф салып же таштаганды алдырыш учун тазалык кызматындагы же белгилуу бир уюм менен бирге жок дегенде чон аянттарда майрам кундору атайын дайындалган кишилер форма менен туруш керек. Таштандыны жерге ыргыткандарды кайра алдырып сумкасына салдырса жакшы болот эле. Япония, европада жашаган эл озу ушуга конгон жана таштандыны озу менен алып кетип, атайын бактарга салышат экен. Албетте, ал жакта элдин денгээли, тушунугу башка дешибиз мумкун. Бизде да уй-було, мектеп, бакчадан тазалык, артынан жыйнап кетууну уйротуунун башк жолдорун ойлоп тапса жакшы болмок.Биздин элди да кондургончо жакшы тартип керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM