Биз менен байланышыңыз

Январдан тарта майып баласын караган ата-энеге жөлөк пул берилет

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 2853 | 8

2019-жылдын январь айынан тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын кароо жана көзөмөлдөөсү үчүн ата-энелерге   айына 4900 сом өлчөмүндө жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди

Анын айтымында, жолок пулдун суммасын жылдан-жылга жашоо минимумунун деңгээлине жараша өзгөртүлүп турат.

«Жөлөк пул берүү 1-январдан тарта төлөнүп баштайт. Ноябрда берилмек, бирок биз өзгөртүүлөрдү киргиздик. Кыйналып баласын бирөөгө таштап кете албаган ата-энелер бир топ документ алып келиши керек эле. Эми министрлик аларга ыңгайлуу шарт түзүү боюнча докуементти чогултууга милдеттендирилди. Ушул процедураларды жөнгө салуу жана келишимдерди түзүү үчүн кармалып жатат. Жашоо минимумунун өлчөмүндө 4962 сом төлөнөт», — дейт министр.

8 пикир

8 пикир

  1. Гулькаир

    01.01.2019 17:05

    Менин балам 1995 жылы торолгон 1топтогу майып.Мага жолок пул берилеби.жооп крутом.

    • Айжамал Худайбердиева

      Айжамал Худайбердиева

      10.01.2019 11:28

      Айлык акы 3 жаштан 18 жаш аралыгындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге гана берилет. Балаңыз 24 жашка чыкканына байланыштуу сизге маяна берилбейт.

  2. Назира

    03.01.2019 12:06

    кандай документ чогултуш керек.айтыпкойунуздар.

    • Айжамал Худайбердиева

      Айжамал Худайбердиева

      10.01.2019 11:28

      Баланын майыптыгы тууралуу документте МСЕКтин (медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы) туруктуу кароого муктаж деген корутундусу болот. Мисалы, өз алдынча тамак жей албаган, баспаган, сыртка чыга албаган балдар. Ошондой жазуусу бар балдардын ата-энесине гана айлык төлөнөт.

  3. Курманжан

    03.01.2019 22:44

    Кечиресиз.Майып баласы канча жашта болгонуна карабай,ата энеге жөлөк пул берилеби жэ он сегиз жашка чейинки гана майып балдар үчүн жөлөк пул каралганбы?

    • Айжамал Худайбердиева

      Айжамал Худайбердиева

      09.01.2019 14:57

      — Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махабат Турдумаматованын берген маалыматына ылайык, айлык акы 3 жаштан 18 жаш аралыгындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге гана берилет. Маяна январь айынын соңунда бериле баштайт. Ата-энелердин балдарын караганы бул кызмат иретинде каралып, алар асистент катары таанылышат. Айлык төлөөдө ата-эненин балага болгон камкордугу да эске алынат. Азырынча дайыма камкордукка муктаж болгон 6 миңдей баланын ата-энелерине гана төлөнөт. Айлыктын өлчөмү жашоо минимумуна жараша өзгөрөт. Учурда ал 4900 сомдун тегерегинде.

  4. Гулназ Абдурахманова

    12.01.2019 18:03

    Саламатсызбы менин балам бала гезинен мукучулугу чектелген зайысный губу тандайы жок торолгон азыр аперася болгон еки жолу дагы бир аперасясы калган мен тапшырсам болобу мага жооп берип койунуз рахмат

  5. Ыхвал

    18.02.2019 21:36

    Саламатсыздарбы мен сурайын дм мен документтерди февральда тапшырдым еми качан келет?январдыкыны да толоп береби?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM