Биз менен байланышыңыз

Бегматов: Быйыл шайлоо системасында бир топ өзгөртүүлөр болот

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 526 | 0

Быйыл шайлоо системасында бир топ өзгөртүүлөр болот. Бүгүнкү күнү президенттин тапшырмасы менен атайын жумушчу топ бекиген. Анда партиялардын сапатын жакшыртуу жана талапкерлердин тизмесин дыкат кароого көңүл бурулат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өз добуштарын берүүгө шарттар каралган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

«2019-жыл шайлоо системасында бир топ жаңылыктарды жана өзгөртүүлөрдү алып келет. Атап айтканда, тизмелердин так түзүлүшүнө Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, паспорт столдор, каттоодон чыгарууда мамлекеттик органдардын жана Борбордук шайлоо комиссияныны жоопкерчилиги каралган. Мындан сырткары талапкерлерди жылдырууда саясий партиялардын жана талапкерлердин жоопкерчилиги каралган. Буга чейин болуп келген терс көрүнүштөрдү жоюу максатын көздөп турабыз», — дейт Бегматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM