Биз менен байланышыңыз

Быйыл мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы ишке кирет

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 514 | 0

Бул жылы мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы ишке кирет. Өлкөнү санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук негизде бериле баштайт. Беш жылдык мөөнөттө кагаз менен справка ташыган учур токтойт. Концепциянын негизги өзгөчөлүгүнө тууралуу санариптик трансформация боюнча президенттин кеңешчиси Дастан Догоев төмөнкүлөгө токтолду.

«Азыркы убакта 27 мамлекетик орган маалымкаттын 126 түрүн берип келет. Ошонун баары ушул концепцияны ишке ашыруу менен жокко чыгарылат. Мамлекеттик органдар ортосундагы документ алмашуу процедуралары максималдуу түрдө токтойт. Натыйжада, жарандар кызматты дароо пайдаланууга өтөт», — дейт Догоев.  

Бийлик 2019-жылдан тарта мамлекеттик кызматтардын электрондук порталынын өндүрүштүк иши өрчүй турганын убада кылууда. Максаты — портал аркылуу кыргызстандыктар 189 кызматтан пайдалана алгыдай шарт жаратуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM