Биз менен байланышыңыз

2019-жылдын январь айы жылдагыдан суук болот

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 956 | 0

Кыргызстанда январь айы жылдагыдан суук болот. Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болушу күтүлүүдө.

Кыргызстандын аймагында январь айында күтүлгөн абанын температурасы:

Чүй облусу 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, -3…-5°, Чүй өрөөнүнүн түндүгүнүндө, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде -7…-9° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° сууктан -10…-15° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулуктан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°суукка чейин, Чуй өрөөнүнүн түндүгүнүндө түнкүсүн -23…-28°, күндүз -10…-15° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Талас облусу 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, -6…-8° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -15…-20° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан -1…-6° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -23…-28°, күндүз -10…-15° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, -2…-4°, тоо этектериндеги райондордо -4…-6° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° суууктан -8…-13° суукка чейин, күндүз 2…7° жылуулуктан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15º суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, -3…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -5…-7° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15°суукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -20…-25° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан -3…-8° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Нарын жергеси

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, -18…-20°суук, Кочкор районунда -10…-12° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15° сууктан -18…-23° суукка чейин, күндүз -5…-10° сууктан -11…-16° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -25…-30°суукка, күндүз -15…-20°суукка чейин, Ат-Башы районунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM