Кыргызстандын көпчүлүк аймагында 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13.
Бишкек жана Ошто шаарларында дагы 1– январда жаан-чачын күтүлбөйт, бирок туман түшүшү мүмкүн.