Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 388 | 0

Кыргызстандагы тоолуу жолдордо 4-январдан 7-январга чейин кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Мындай абал Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM