Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: 2019 саясий чыңалуунун жылы болот

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 512 | 0

2019 саясий чыңалуунун жылы болот. Мурда корккон, унчукпаган саясатчылар активдүү аралаша баштайт. Коом дагы канчалык эркин болсо саясий процесстерге ошончолдук активдүү катышат. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк саясатчылар менен мамилесин үзгөн соң андан басым көргөн саясатчылар жаңы президент Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөткөн. Андыктан саясий өңүттөн караганда, 2018-жыл президент үчүн оңой болгон.

«2018-жыл жыл күтүү менен өттү. Үмүттөрдүн айрымдары акталды. Өлкө башчыны бардык саясатчылар колдон келишинче колдошту. Бирок ал колдоо 2019-жылы башка нерсеге өзгөрөт. Өкмөткө, бийликке басым күчөйт. Кийинки жылы азыр башталган нерселер динамикалуу түрдө өнүгөт», — дейт Жээнбеков.

Саясатчынын баамында 2018-жылы өлкөдө маанилүү саясий өзгөрүүлөр болгон. Алсак, күчтүү жарандык коом, басма сөз эркиндиги түзүлүп, бийлик ЖМК, жарандык коомдун өкүлдөрү менен кызматташкан.

Жээнбеков 2018-жылы саясий процесске аралашпай жүргөн адамдар активдүүлүгүн көрсөтө баштаганын айтат. Мындан улам өлкө башчы алар менен тил табышууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM