Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Партиялык тизме бийликке ыңгайлуу экен

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2018 | 636 | 0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикти жоюш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Марал” радиосуна берген маегинде агенттикти .

Бокоевдин айтымында, аталган агенттик эч нерсе жасай албайт жана эмне кылып жатканы белгисиз. Болгону методикалык жактан гана колдоо көрсөтөт. Андыктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин кереги жок.

«Айылдардагы маданият үйүн Маданият министрлиги карашы керек, же маданият шаарда гана керекпи? Айыл өкмөт, райондорду ирилештирүү зарыл. Ошондой эле министрликтердин облустук деңгээлдеги башкармалыктарын толук жоюш керек», — Бокоев.

Эл өкүлүнүн пикиринде мэр менен айыл өкмөттүн башчыларын эл түз шайлашы керек.

«Шаардык кеңештин депутаттарын бир мандаттуу жол менен шайлоого өзгөртүү зарыл. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик, парламенттик шайлоодогу кемчиликтерди карап чыгып, баа бериши керек эле. Бирок мындай болбой жатат. Анткени партиялык тизме бийликке ыңгайлуу экен. Анткени праламнетте бул партиядан шайланып келгени менен ал президенттин айтканынан чыкпайт экен. Ушундай жол менен парламентти башкарууга Атамбаев жол ачкан. Аыркы бийлик дагы муну жакшы колдонуп жатат», — дейт Бокоев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM