Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Аймактарга берилчү каражат «Көчмөндөр оюндарына» жумшалды

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2018 | 644 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Марал” радиосуна берген маегинде 2018-жылы аймактарга кетчү каражаттын баары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жумшалганын билдирди.

«Анткени айылда курулушу башталып капиталдык салымдар беренесине кирген жолдор үчүн бетондор сентябрдын соңунда гана келип баштады. Аймактарга каражатты жетиштүү берүү үчүн өзүнчө реформалык жол менен өзгөртүү киргизилип, механизмдери иштелип чыгыш керек эле. Бюджеттин 88% минисрликтерге берилүүдө. Жергиликтүү бюджетке каралган сумманы эки эсе көтөрүү зарыл. Ошондо айыл өкмөттөр социалдык маселелерин чечет. Бирок ага өкмөттүн саясий эрки жеткен жок«, — дейт Бокоев.

Эл өкүлү Кыргызстанда бир да министр бюджетти аткарбаганы үчүн кызматтан кеткенин же планды жакшы аткарганы үчүн сыйлык ала электигин айтат. Ал тыянак чыкпагандыктан жоопкерчилик каралбай башаламандык болуп келе жататканын, бул өтө чоң кемчилик экенин белгиледи.

Бокоев буга кошумча, депутаттардын өзү шайланган районго акча каражатын тартып, элдин кайрылуусун чечкенге аракет кылышы мыйзамдуу көрүнүш экенин билдирди.

«Анткени парламентте депутаттар эл өкүлдөрү катары дагы иштеп жаткандыктан айылдардагы социалдык маселелерди көтөрөт. Бирок өкмөт депутаттын айтканын аткарбайт. Өкмөт каражатты керектүү жерлерге гана жумшашы керек«, — дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM