Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Быйыл айыл өкмөттөрдүн үмүтү акталган жок

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2018 | 655 | 0

Аймактарды өнүктүрүү жылында айыл өкмөттөр өкмөттөн жергиликтүү бюджетке каражат бөлүп берүүсүн же социалдык маселелерди чечүүсүн күтүштү. Бирок алардын үмүтү акталган жок. Себеби каражат маселеси чечилбей калды. Бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай алган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 7 облуска 700 млн сом инвестиция тартып келиш керек болчу. Ар бир облуска 100 млн сомдон бөлүнсө, аймактарда ири фабрикалар курулмак.

“Президент адмнистративдик-территориалдык реформа боюнча указын чыгарды. Бул боюнча түзүлгөн жумушчу топ 31-декабрга чейин жол картасын иштеп чыгышы керек болчу. Президенттин указы жолдо калбасын десе жумушчу топ жол картанын тыянагы менен тааныштырышы зарыл эле. Реформаларды курч жасабасак күнүмдүк жашоо улана берет”, – дейт Бокоев.

Эл өкүлү адмнистративдик-территориалдык реформа боюнча түзүлгөн жумушчу топко жооптуу министр, вице-премьер-министрлер жаңы жылдын башында өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан кетиши керек. Анткени алар маалымат бере албай койду.

Copyright © 2017 Maral FM