Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан өзүнүн социалдык желесин ачты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 502 | 0

Түркмөнстанда «Биз бярде» аталышындагы атайын жергиликтүү социалдык түйүн ачылды. Эми Фейсбук, Твиттер, Одноклассники, Вконтакте жана Инстаграм сыяктуу эл аралык желелер бул өлкөдө тыйылат. Бул тууралуу Ориент басылмасы жазды.

«Би-би» («Биз бярде»нин кыскартылган түрү) коомдук түйүнүн негиздеген Эзиз Бекназаровдун айтымында бул желе кынтыксыз болбогону менен өлкөдөгү аналогдорунан кем калбайт.

Бул желе кадимкидей маалымат алмашуу, сүрөт, видео сыяктуу файлдарды жүктөө, түз билдирүүлөрдү жасоо сыяктуу функцияларды камтыйт. Мындан сырткары соода-сатык бөлүмү да бар.

«Би-бинин» расмий ачылышына чейин эле аны Androidден көчүрүп алгандардын саны 5 миңден ашты.

Эске салсак, Түркмөнстан коомдук-саясий, маданий тармактарда дүйнө менен интерацияланбаган жабык өлкөлөрдүн катарына кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM