Биз менен байланышыңыз

“Исфана” аэропортунда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 512 | 0

“Манас” эл аралык аэропорту “Исфана” аэропортунда оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, жүргүнчүлөргө жана аларды тосуп алуучуларга ыңгайлуу шарт болуусу үчүн “Исфана” аба майданынын аэровокзалын кеңейтүү долбоору иштелип чыккан.

Анын алкагында аэровокзалдын аянты 180 чарчы метрден 552,9 чарчы метрге кеңейтилет. Бул бир сааттын ичинде 75 жүргүнчүнү өткөрүүгө шарт түзөт.

“Исфана” аэропорту күндүзгү убакытта рейстерди кабыл алат. Ал 1974-жылы ишке берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM