Биз менен байланышыңыз

«Замандаш» жаңы жылдык кеченин ордуна кайрымдуулук кылууда

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 1893 | 2

«Замандаш» саясий партиясы Жаңы жылдык кече өткөрүүдөн баш тартып, анын ордуна, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык түлүк алып берүү акциясын баштады. Партия төрагасы Жеңиш Молдокматовдун айтымында, быйыл өлкөдө жакырчылыктын саны өсүп, 6 млн калктын 26 пайызы жакыр. Өтө жакыр жашаган калк 50-60 миңдин тегерегинде.

Ал эми жаңы жылдык кечелерде бир кишиге жок дегенде 1,5-2 миң сомдон чогултулат. Бул акчага 50дөй аз камсыз үй-бүлөгө жардам берсе болот.

-Биз ойлонуп көрүп, корпоративден баш тартууну туура көрдүк. Себеби көп балалуу, кыйналып жашаган үй-бүлөлөр бар. Мен жеке өзүм дагы мындай ашыкча чыгым кетирүүнү туура көрбөйм. Анткени соз мезгилинде оор күндөрдү баарыбыз баштан кечиргенбиз. Мисалы, ошол кезде жаңы жылга жакын апельсиндин жыты үйдө буркурап турганда абдан жагымдуу болчу. Ошондуктан бул кубанычты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кичинекей балдарга жаңы жылдык маанай тартуулайлы дедик.

2 пикир

2 пикир

  1. Алтынай

    25.12.2018 14:43

    Мен дагы аз камсыз үй-бүлөдөгү бүлөөгө кирем 5 балам бар батирде турам.сураныч жардам бере аласыздарбы? тел:0705158604.

  2. Исраилова Мээрим

    25.12.2018 14:52

    Саламатсызбы мен дагы аз камсыз уйбуломун жардам болсо кайрылып турасызбы торот балам батирде турабыз кышкы отундан продукты балдардын кышкы кийимдерин кыйналып жатабыз батирдин аксасынан да Алаа ыраазы болосун Исраилова Мээрим номер 0704170929

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM