Биз менен байланышыңыз

Унааларды каттоо мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 540 | 0

Унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу мамлекеттик мекеме түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюу, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды.

Буга чейин унааларды каттоо тутумунда бир топ коррупциялык схемалар аныкталган. Өкмөттөн билдиришкендей, жакынкы убакта кызматкерлерди алууга ачык сынак өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM